ВЕРТХАЙМЕР
ВЕ́РТХАЙМЕР (Wertheimer) Макс (15.4.1880, Прага, – 12.10.1943, АКШ, Нью-Рошелл) – немец психологу, гештальтпсихологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири ж-а анын башкы теоретиги. Кыймыл кабылдоочтор (психологияда: кыймылдатчу команданы кабыл алуучулар) тынч абалдагы дене мүчөлөрүнүн ар кандай кыймыл-аракеттер айкалыштарынын натыйжасы болбостон, ага чейин да алар (кыймыл кабылдоочтор) психикалык өткөөлдөрдү басып өтөрүн эксперименттик изилдөөлөр м-н далилдеген. Анын философиялык мааниси – «бүтүн» м-н «бөлүктүн» өз ара катыш маӊызынын ачылышы ж-а жаӊыча чечмелениши. Мисалы: «Бөлүктүн мазмуну бүтүн менен аныкталат» деген тезис бар. Ал эми аныктоочу (бүтүн) м-н аныкталуучунун (бөлүк) катышына «маанилүү» же «маанилүү эмес» абалын койсо, карым-катыш маӊызы кескин өзгөрөт («бүтүн маанилүү, бөлүк мааниге ээ эмес» же, анын тескерисинче, «бөлүк маанилүү, бүтүн мааниге ээ эмес» сыяктуу). Кыймылдарды кабылдоочтор жөнүндө психологиялык эксперимент м-н изилдөөлөр ж-а үзүрлүү ой жүгүртүүлөр боюнча эмгектерин жарыялаган .