ВЕСТФАЛИЯ ТЫНЧТЫГЫ (1648)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕСТФА́ЛИЯ ТЫНЧТЫГЫ (1648) Европадагы Отуз жылдык согушту (1618–48) аяктаткан. Вестфалия тынчтыгы Оснабрюк шаарында Ыйык Рим империясы ж-а анын союздаштары м-н Швеция ж-а анын союздаштарынын ортосунда ж-а Мюнстер шаарында Ыйык Рим империясынын императору ж-а анын союздаштары м-н Франция ж-а анын союздаштарынын ортосунда 1648-жылы 24-октябрда түзүлгөн эки келишимден турат. Вестфалия тынчтыгы боюнча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар шаарын, Бремен архиепископтугун, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция төлөгөн. Швеция империялык Сеймге өз депутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдардын Эльзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан Вестфалия тынчтыгы кальвинчилерди католиктер ж-а лютерандар м-н бирдей укукка теӊеген. Испания ж-а Австрия Габсбургдары жеӊилсе да, Вестфалия тынчтыгы Габсбургдардын күч-кубатын толук начарлата алган эмес.