ВЕТЕРИНАРИЯ КЫЗМАТЫ
ВЕТЕРИНАРИЯ КЫЗМАТЫ́РИЯ КЫЗМАТЫ РИЯ – ветеринария тармагына тиешелүү болгон практикалык иш уюштуруу ж-а жүргүзүү үчүн түзүлгөн ветеринариялык чаралар. Ветеринария кызматынын негизги милдеттери: өлкөдөгү жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын пайда болушуна ж-а таркалышына бөгөт коюу, малдын ылаңдарын алдын алуу, дарылоо ж-а элди санитариялык, экологиялык жактан, жугуштуу агенттерден таза мал чарба ж-а өсүмдүк азык-түлүктөрү м-н камсыз кылуу. Кыргызстанда алгачкы ветеринария кызматы 1924-жылы түзүлгөн ж-а анын жетекчиси ветврач-революционер С. М. Воскресенский болгон. Андан соң Ветеринария кызматынын тармагы кенейтиле баштаган ж-а жаңы ветеринариялык дарылоо, алдын алуу пункттары ар бир аймакта ачылган. Ветеринариялык кызмат көрсөтүү илимий негизде жүргүзүлө баштаган. 1940-жылдары Кыргызстанда атайын илимий мекеме – Кыргыз илим-изилдөө ветеринариялык тажрыйба станциясы уюштурулган. Ветеринария кызматынын түзүлүшү, анын милдеттери ж-а иш жүргүзүү принциптери атайын кабыл алынган «Ветеринария жөнүндөгү закондо» каралган. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында ветеринария кызматы мамлекеттик, ведомстволук, жекече болуп бөлүнөт. Ал Айыл, суу чарба ж-а кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринариялык департаментке баш иет. Ветеринария кызматынын тарматын облустук, шаардык, райондук, айылдык ветеринариялык бөлүмдөрү (мекемелер), ветеринариялык лабораториялар, ветеринариялык-санитардык ж-а ветеринариялык чек аралык карантиндик пунктар түзөт. Б. К. Акназаров.