ВЕЧЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЧЕ (эски славянча «вещать» – сүйлөө деген­ден) – байыркы ж-а орто кылымдагы Руста жалпы маселелер талкуулана турган элдик чогулуш. Славяндардын уруу жыйындарынан келип чык­кан. Байыркы орус мамлекети (к. Киев Русу) пайда болгон соң, феодал аксөөктөр Вечени князь бийлигин чектөө максатында пайдаланышкан. Анда согуш ж-а тынчтык, посадниктерди шай­лоо же алып таштоо ж. б. маселелер каралган. Вечени чакыруунун белгилүү мөөнөтү болгон эмес. Коңгуроо кагылганда, калк белгилүү аянтка жыйналган. Вече чыныгы элдик бийлик болгон эмес, иш жүзүндө бийлик феодалдарга ж-а шаар­дык ак сөөктөргө таандык болгон, бирок ал көпчүлүк элге саясий турмушка белгилүү дара­жада таасир этүү мүмкүндүгүн түзгөн. Улуу княз­дар бийлигинин чыңдалышы м-н 14-кылымдын аягынан Вече жоюла баштаган.