ВИАДУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИАДУ́К (латынча via – жол жана duco – алып барам) – терең аң болуп кеткен жолдун кесилишине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. Виадук негизинен материалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кылып төгүү техникалык жактан пайдасыз болгондо колдонулат. Алгачкы Виадук байыркы Римде пайдаланылган. XIX кылымда кыштан жана таштан курула баштаган.

