ВИБРИОЗ
ВИБРИО́З , к а м п и л о б а к т е р и о з (Сampylobakteriosis) – негизинен бодо мал м-н койдун жыныс органдарын жабыркатып, массалык бала салууга (абортко) дуушар кылуучу жугуштуу ылаң. Вибриоздун козгогучу 1909-жылы козу салган койдун, 1913-жылы музоо салган уйдун чөбүнөн ж-а күмөн ткандарынан табылган. Вибриоз кишиге да жугат. Бодонун кампилобактериозунда ылаңдуу бука инфекциянын негизги булагы болуп саналат. Козгогуч алардын жыныс органында көп жыл сакталып, урук (сперма) ж-а урук безинин секрети м-н кошо сыртка бөлүнүп чыгып турат. Ылаңдуу уй м-н кунаажындар да бир кыйла коркунучтуу, алардын жыныс органдарынан аккан суюктук м-н козгогуч 3–10 айга чейин сыртка бөлүнүп чыгат. Ошондой эле, козгогуч сыртка ылаңдуу уйдун сүтү, сийдиги м-н ж-а түшкөн күмөн аркылуу да бөлүнүп, айлана-чөйрөнү булгайт. Соо койлорго ылаң козгогуч м-н булганган жем-чөп, суу аркылуу жугат. Ылаңдын алдын алуу үчүн вакцина куюлат. Дарылоодо ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, антисептикалык эритмелер (риванол, фурациллин, калий перманганаты) ж-а антибиотиктер (пенициллин, стрептомицин, хлортетрациклин, окситетрациклин, гентамицин ж. б.), нитрофуран ж-а сульфаниламид препараттары (фуразолидон, фурагин, стрептоцид, норсульфазол, сульфапиридазин) суспензия ж-а эритме түрүндө колдонулат.
Д. Раимбеков.