ВИВАЛЬДИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИВА́ЛЬДИ Антонио (4. 3. 1678‚ Венеция – 27 же 28. 7. 1741‚ Вена) – италиялык композитор‚ скри­пач‚ дирижёр жана педагог. Жаштайынан скрип­када мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог‚ кийин оркестр дирижёру жана концерт­тердин директору‚ 1713-жылдан «Пиета» аялдар консерваториясынын директору болгон.
Вивальди өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718–1722-жылдарда Мантуядагы ак сарайда кызмат өтөгөн‚ калган өмүрүн Италия‚ башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү менен өткөргөн. Вивальдинин чыгармачылык мурасы бай: 465 аспаптык кон­церт‚ ораторияларды‚ кантаталарды‚ 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыгармачылы­гына да таасирин тийгизген. Cкрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тыш­кары «Эңсөө»‚ «Деңиздеги бороон»‚ «Түн»‚ «Фа­ворит» жана башка концерттерди жазган. Италиянын Cиена шаарында Антонио Вивальди институту иштейт.

А. Вивальди. Белгисиз сүрөтчү тарткан портрет. 1700.