ВИВИАНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИВИАНИТ́ (англиялык минералог Ж. Г. Вивиандын ысымынан) – суу­луу фосфаттарга кирүүчү минерал.


Хим. формуласы Fe 3(PO 4 )2•8H 2 O.
Моноклин синго­ниясында крис­таллданат. Өңү кө­бүнчө жашыл сымал, абада өзгөрүп, көгүш, жашыл, кара көк, кара жашыл болуп көрүнөт, айнектей жал­тырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5–2. Салыштырма салмагы 2,6. Чөкмө, чанда гиперген жолу м-н пайда болот. Вивианит темирдин фосфорго бай чөкмө кендеринде ж-а чымкөңдүү саздарда кезигет. Фос­фор жерсемирткичи катары ж-а көк боёк даяр­доодо колдонулат.