ВИГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ГАН – Филиппиндеги шаар. Түштүк Илокос про­виниясынын административдик борбору. Калкы 49,1 миң (2006). Лусон аралынын түштүк-батышында, Түштүк Кытай деңизинин жээгинде жайгашкан. Мани­ла шаары м-н автомагистраль аркылуу байланы­шат. Вигандан 80 км түндүктө Лаоаг эл аралык аэро­порту бар. Испандар келгенге чейин эле деңиз жээгинде тургун жайлар пайда болуп, алар Кы­тай, Малайя архипелагындагы мамлекеттер м-н соода байланышында болгон. Шаарды 1572-жылы испандар негиздеген. Колония мезгилинде өлкө­нүн Лусондун түндүгүндөгү маанилүү экономикалык ж-а саясий борбору болгон. Филиппиндеги сакталып калган колония шаары катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар «Индий мый­замына» ылайык курулуп, эстеликтери испан­дыктардын, кытайлардын, жергиликтүү архитектуралык салт­тарга шайкеш тургузулган. Ыйык Павел собо­ру, испан ж-а жергиликтүү аксөөктөрдүн турак жайла­ры, музей (филиал) ж. б. бар. Айыл чарба өсүмдүк­төрүн (шалы, балкамыш, жүгөрү, тамыры же­миш, жашылча, жемиш) өстүрүүчү аймактын борбору.