ВИГДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИГДЕР (англ. Whiq – We hope in Qod – «Биз Кудайга ишенебиз» дегендин кыскартылып ай­тылышы) – 1) 17–19-кылымдардагы англиялык саясий пар­тия. Буржуазиялык ак сөөк дворяндар м-н ири соода ж-а финансы буржуазиясына мүдөөлөш топ ка­тары 17-кылымдын 70-жылдарынын аягында пайда болгон. 1714–62-жылдарда башкаруучу партия, кийин т о р и л е р м-н алмак-салмак бийликте тур­ган, жумушчуларга каршы саясат жүргүзүп, чар­тисттер кыймылын басууга аракеттенген. 19-кылымдын орто ченинде башка саясий топтор м-н би­ригип, Улуу Британия либералдык партиясын түзүшкөн. 2) АКШдагы саясий партия (1834– 54). Аны алгач Генри Клей ж-а Даниэл Уэбстер жетектешкен. Түндүктүн өнөр жайчылары м-н Түштүктүн плантаторлорун ж-а фермерлердин бир бөлүгүн бириктирип турган. Федерациялык бийликке каршы чыгып, өнөр жайын Түндүк­тө гана эмес, Түштүктө да өнүктүрүүнү жакта­ган. Президентти шайлоодо Вигдер 2 жолу (1840-жылы Гаррисондун ж-а 1848-жылы Тэйлордун президент­тикке шайланышына көмөк көрсөткөн) жеңип чыккан. Курамы жагынан ар түрдүү болгон Вигдер партиясы 1854-жылы таркап, түндүктөгү Вигдер жа­ңы түзүлгөн Республикалык партияга, пахтачылар деп аталган Вигдер Демократиялык партияга кошулган.