ВИДЕМАН-ФРАНЦ ЗАКОНУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИ́ДЕМАН-ФРАНЦ ЗАКОНУ – металлдардын жылуулук ж-а электр өткөрүмдүүлүктөрүнүн өз ара байланышы жөнүндөгү закон. Туруктуу температурада металлдардын жылуулук өткөрүмдүүлүгүнүн (x) электр өткөрүмдүүлүгүнө (s) болгон катышы турактуу чоңдукка (C) барабар, б. а. x/s =C. Бул законду немец физиктери Г. Г. Видеман м-н Р. Франц тажрыйба жүзүндө аныкташкан (1853). Бул катыш абсолюттук температурага түз пропорциялаш экендигин даниялык физик Л. Лоренц далилдеген (1882), башкача айтканда х/s =LТ, мында T – абсолюттук температура, L – бардык металлдар үчүн бирдей туруктуу лоренц саны деп аталат (L = 2,45 · 10 –8 ВтОм/K2).