ВИДЕО ЖАЗУУ
ВИДЕО ЖАЗУУ (видео... жана жазуу) – сүрөттөлүштү, радиолокациялык жана башка сигналдарды видео магнитофондун жардамы менен телевизордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык жана механикалык ыкма менен жазылат. Телекөрсөтүүдөгү видео жазуу – даректүү жана көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жолдорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жазып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга жана монтаждаганга караганда видеомагнитофонго видеожазуу программадагы берүүлөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. Видео жазуу спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.