ВИДЕОМАГНИТОФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕОМАГНИТОФО́Н – сүрөттөлүштү жана үн сигналдарын магниттик тасмага же компакт­дискке жазып алып, чогуусу менен телекөрсөтүү программаларынан кайра көрсөтүүчү аппарат.

Биринчи Видеомагнитофон 1956-жылы америкалык «Ampex Corporation» фирмасы тара­бынан чыга­рылган. Үй ти­ричилик Видеомагнитофондору 1970-жылдарда пайда боло баш­тады. Видеомагнитофон кадим­ки магнитофон­го окшош, би­рок анда бетине видеожазуу жазыла турган сап түшүрүлгөн эндүү магнит тасмасы (эни 12,7 же 50,8 мм) пайдала­нылат. Сүрөттөлүштү коштоочу үн сигналдары Видеомагнитофондун кыймылсыз магниттик бөркү менен тасма­нын бир четин бойлото жазылат. Бөрктүү диск­тин айлануусу менен тасманын бирдей синхрондуу жылышы автоматтык жөндөгүч система аркы­луу аткарылат.