ВИДЕОТЕЛЕФОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИДЕОТЕЛЕФО́Н – сүйлөшкөндөрдүн үнү менен кошо экран аркылуу өңүн көргөзүүчү байланыштын түрү. Видеотелефондун кабыл алуучу бөлүгүндө кинескоп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк – видикон болот. Экранда сүрөт ак-кара түстө көрсөтүлүп, сүрөттүн өлчөмү 25x37ден 50x75 ммге чейин жетет. Видеотелефон шаар аралык телефон станциясынын атайын жабдылган сүйлөшүү пункттарына орнотулат. Телефон байланышынын бул түрү сүйлөшүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди жана схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.


