ВИДЕО ТАСМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВИДЕОФИЛЬМ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕО ТАСМА́ЛЬМ – видеомагнит тасмасына жа­зылган фильм. Телекөрсөтүүдө 1970-жылдарда пай­да болгон. Видеотасма жанры ар түрдүү: көркөм, илимий-попу­лярдуу, даректүү-публицистикалык, хроникалуу жана башка тасмалар. Телеэкрандын келечеги видеотасманын өнүгүшүнө бай­ланыштуу. Кино тасмаларга салыштырганда видео тасма эстетикалык, технологиялык өндүрүш аспектисинде (көп камералуу тартуу ыкмасы, электрондук мон­таж, ар түрдүү татаал кадрлар көп кайталанган жазууну пайдалануу үчүн колдонулган магнит плёнкасы жана башка) айырмачылыктар бар.