ВИДЗЕМЕ ДӨӉСӨӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ДЗЕМЕ ДӨӉСӨӨСҮ Чыгыш Европа түздүгүнүн түндүк-батышында, Латвиянын аймагында. Дөбө­ дөңсөөлүү ж-а мореналуу рельеф мүнөздүү. Ал Борбордук Видземе (бийиктиги 311 мге чейин, Гайзинь­калнс чокусу; Латвиянын эң бийик жери) ж-а андан түндүк-чыгышыраакта жайгашкан Алукс­не же Чыгыш Видземе (Делинькалнс чокусу, 271 м) дөңсөөлөрүнөн турат; Чыгыш Видземе бара-бара Эстониянын аймагындагы Ханья дөңсөөсүнө өтөт. Көлдөрү бар.