ВИДУГИРИС Альгимантас-Станисловас Стасевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДУГИРИ́С Альгимантас-Cтанисловас Cтасевич (21.6.1936-жылы туулган‚ Литва CCРи, Кау­нас) – кинорежиссёр‚ Кыргыз CCРинин искусство­суна эмгек сиңирген ишмер (1974), Кыргыз CCР эл артисти (1983). Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) бүтүргөн (1962).

Чыгармачы­лык иштери «Кыргызфильм» студиясы менен байланыштуу. Анын «Кумдагы сепилдер» тасмасы (1968) Орто Азия жана Казакстан кинематографист­теринин кароосунда 1-дара­жадагы дипломго (Фрунзе‚ 1968)‚ кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фес­тивалынын сыйлыгына (Тампер‚ 1970) жана башкаларга татык­туу болгон. Токтогул ГЭCинин курулушу жөнүндө «Нарын күндөлүгү» даректүү тасмасы (1971) 3-эл аралык кинофестивалда Гран-при сыйлыгына татыган (Франция‚ 1974). «Көз айнекчен» түстүү көркөм телетасмасы (1973)‚ «Бул кырсык эмес» (1970)‚ «Адам‚ дөңгөлөк жана чынар жөнүндө жомок» (1974)‚ «Тынчы жок күн жылы» (1977) жана башка тасмалары белгилүү.