ВИЗАНТИЯ
ВИЗАНТИ́Я , В и з а н т и я и м п е р и я с ы – 395–1453-жылдарда өкүм сүргөн мамлекет. Алгач «Ромейлер империясы» деп аталган. Анын борбору Рим императору Константин I мурдагы Византий колониясынын ордуна 324–330-жылдарда негиздеген Константинополь шаары (1453-жылдан Стамбул) болгон. Византиянын курамына Балкан жарым аралы, Кичи Азия, Сирия, Палестина, Египет, Киренаика, Месопотамия, Армениянын бир бөлүгү, Эгей деңизиндеги аралдар (Кипр, Крит, Родос ж. б.), Крым жарым аралынын түндүгү кирген. Византия калкы ар кыл этностордон туруп, ага гректер, сириялыктар, копттор, армяндар, грузиндер, еврейлер, кичи азиялык эллиндешкен уруулар, фракиялыктар, иллириялыктар, дактар кирген. 4–6-кылымда калкынын саны 50 млндон 65 млнго чейин жеткен. Ошону м-н бирге өлкөнүн аймагына башка элдер (готтор 4–5-кылымда, славяндар 6–7-кылымда, арабдар 7–9-кылымда, печенегдер, кыпчактар 11–13-кылымда) жайгаша баштаган. 6–11-кылымда Византия калкынын курамына кирген этнос топторунан кийинчерээк италян эли калыптанган. Византиянын экономикасында, саясий турмушунда ж-а маданиятында грек калкы чоң роль ойногон. Империянын мамлекеттик тили 4–6-кылымда латын, 7-кылымдан Византия кыйраганга чейин грек тили болгон. Империянын ири шаары, кол өнөрчүлүк ж-а эл аралык соода борбору болгон Константинополь Иран, Индия, Кытай ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзүп турган. В. 4–5- кылымдарда борбордошкон аскердик бюрократтык монархияга айланган. 4-кылымдан христиан дини негизги дин катары кабыл алынып, 70-жылдардан баштап варварлар м-н мамиле жасоо маселеси өлкөнүн тышкы ж-а ички саясатында чоң роль ойногон. Император Юстиниандын (527– 565) тушунда борбордошкон бюрократтык монархия бир кыйла күчөгөн. Ал күчтүү армия түзүп, 533–534-жылдарда Түндүк Африкадагы вандалдар мамлекетин, 535–555-жылдарда Италиянын Остгот королдугун, 554-жылы түштүк-чыгыш Испаниянын бир бөлүгүн караткан. Мамлекеттин түндүк-чыгыш аймактарын кеңейтүү үчүн, Батыш м-н Чыгышты байланыштырып келген Улуу жибек жолуна көзөмөл орнотуу максатында Иранга каршы Түрк кагандыгы м-н аскердик союз түзөт (к. Батыш Түрк кагандыгы). Византияга чектеш жашаган айрым түрк уруулары Византия армиясынын катарында кызмат өтөп, алар акырындык м-н Кичи Азияга, Кавказга, Балкан жарым аралына отурукташа баштаган. Анын тушунда Византиялык архитектура ж-а адабият өнүккөн. Бирок анын мурдагы Рим империясын кайра калыбына келтирүү аракети ишке ашпаган ж-а кийинки урпактары бийликти узакка кармап тура алган эмес. Салыктардын оордугуна нааразы болгон эл бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгып (эң белгилүүсү «Ника козголоңу»), өлкөнү бир топ алсыраткан. Натыйжада, акырындык м-н күч алып келаткан арабдар 632–642-жылдарда Византиянын өтө бай чыгыш провинцияларын (Сирия, Палестина, Жогорку Месопотамия), 693–698-жылдарда Түндүк Африкадагы жерлерин басып алган. 7-кылымдын аягында Византиянын карамагында Юстиниандын убагындагы өлкөнүн аймагынын 1/3 төн ашпаган бөлүгү калган. Балкан жарым аралына славян уруулары 6-кылымдын аягынан тартып отурукташа баштап, алар 7-кылымда Византиянын бир кыйла жерине: Фракия, Македония, Далмация, Грекиянын бир бөлүгүнө, ал эмес Кичи Азияга чейин жайгашкан. Калктын этностук курамы Кичи Азия жагында да өзгөргөн. Анда армяндар, перстер, сириялыктар, арабдар отурукташкан. Бирок чыгыш провинцияларын тарттырып жиберген соң, Византия этнос жагынан бир өңчөй өңдөнүп, анын уюткусу гректер же грекче сүйлөгөн эллиндешкен уруулар болуп калган. 7–8-кылымда административдик түзүлүшүндө маанилүү өзгөрүүлөр болуп, жаңы аскердик административдик округдар (фемалар) түзүлгөн. Аскердик ж-а граждандык бийлик бүт бойдон фемалык аскер командири – страдигдин колуна өткөн. Империянын согуштук күч-кубаты артып, арабдар ж-а болгарлар м-н болгон согуштарда ийгиликке жеткен. Ошону м-н бирге константинополдук аксөөктөр м-н байланышта бийлик жүргүзгөн динчилерге каршы эл массасынын нааразылыгын туюнткан диний-саясий кыймыл башталып, аны провинция аксөөктөрү өз мүдөөлөрү үчүн пайдаланууга умтулган. Кыймылды Исаврий династиясынан чыккан императорлор башкарып, монастырь м-н чиркөө байлыктарын казынага алышкан. Императорлордун мындай саясаты провинция аксөөктөрүнүн нааразычылыгын күчөтүп, анын жамааттарга көрсөткөн кысымы каршылык күрөшүн ырбаткан, феодалдарды чочутуп, 843-жылы иконага табынууну калыбына келтирүүгө түрткү болгон. Өкмөт ж-а аскер төбөлдөрү динчилер м-н келишип, элдик кыймылды басып турган. Византияда 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымда борбордошкон монархия түзүлгөн. 9-кылымдын 2-жарымынан Византия шаарлары өсүп-өнүгүп, 10-кылымда аларда орто кылым шаарларына мүнөздүү белгилер пайда болгон. Мисалы, майда кол өнөрчүлүк, соода-кол өнөрчүлүк корпорациялары уюштурулуп, алардын иш-аракетин мамлекет теске ген. Өндүрүштө эркин кол өнөрчү негизги роль ойносо да, кулдуктун сакталып турушу ошол кездеги Византия шаарларынын бир бөтөнчөлүгү болгон. 12-кылымда Византия шаарларынын экономикасы начарлап, кол өнөр өндүрүшү кыскарган. 9-кылымдын 2-жарымы – 11-кылымда Византиянын тышкы саясаты согуш жүргүзүүгө негизделген. Ал араб, славян, кийинчерээк норманн элдери м-н дайыма согушуп турган. 10-кылымдын орто ченинде Византия арабдардан Жогорку Месопотамияны, Кичи Азиянын бир бөлүгүн, Сирияны, Критти, Кипрди тартып алган. 1018-жылы Батыш Болгария падышалыгын ээлеп, Балкан жарым аралынан Дунайга чейин бийлеп турган. 9–11-кылымда Киев Русу м-н өз ара мамилелер Византиянын тышкы саясатында чоң роль ойногон. 10-кылымдын акырында Русь Византиядан христиан динин кабыл алган. Византияга 11-кылымдын ортосунан

тартып чыгыштан түрк-селжуктар кол салып турган. 1071-жылы селжуктар Маназкертте (Армения) император Роман IV Диогендин аскерлерин талкалап, өзүн туткунга алышкан, бирок Кичи Азиядагы айрым аймактарды берүү шарты м-н бошотушкан. 11-кылымдын орто ченинде норманндар Византиянын Түштүк Италиядагы ээлеген жерлерин басып алган. 11-кылымдын 70-жылдарында бийлик үчүн күрөш күчөп, 1081-жылдан Комниндер династиясы (1081–1185) сурайт. 1185-жылы Константинополдогу аксөөктөрдүн козголоңунан кийин Ангелдер династиясы (1185–1204) бийликке келет. Бул династиянын тушунда Византия экономикалык кризиске учурап, саясий бытырандылык күчөйт. Шаарлар тукулжурап, армия м-н флот начарлап, империя бөлүнө баштайт. 12-кылымдын акырында Византия м-н Батыштын ортосунда карама-каршылык күчөйт; папачылык Византия чиркөөлөрүн рим курияларына баш ийдирүүгө, Венеция Византиядан өз атаандаштарын – Генуя м-н Пиза-
ны сүрүп чыгарууга, «Ыйык Рим империясынын» императорлору Византияны багынтууга умтулган. Мына ушундай саясий кырдаалдардан пайдаланып, крест жортуулдарын уюштуруучулар Палестинанын ордуна Константинополду басып алууга киришкен. 1204-жылы 4-крест жортуулунун натыйжасында Константинополь багындырылып, Византия империясы кыйраган. Византиянын кресттүүлөр басып алган жерлеринде Латын империясы (1204–61) негизделет. Кресттүүлөргө карабаган жерлерде көз каранды эмес грек мамлекеттери: Никей империясы (1204–61), Трапезунд империясы (1204–1461) ж-а Эпир мамлекети (1204– 1337) пайда болот. Латын империясына каршы күрөшүүдө Никей империясы чоң роль ойнойт. 1261-жылы Никей императору Михаил VIII Палеолог грек калкынын колдоосуна таянып, Константинополду кайра алат да, Византия империясын калыбына келтирет. Бирок, Трапезунд ж-а Эпир мамлекеттери ага кошулбай, өз алдынчалыгын сактап калган. Мамлекеттин ичиндеги өз ара чыр-чатактар Византияны начарлатат да, осмон түрктөрү 14-кылымдын башынан тартып анын аймагын басып ала баштайт. 1354-жылы Галлиполи, 1362-жылы Адрианополь (Эдирне) басылып алынат. 1371-жылы Марицанын алдындагы жеңилүүдөн кийин Сербия, алардын артынан Византия да түрктөргө вассалдык көз карандылыгын тааныйт. 1402-жылы Анкаранын алдындагы түрк аскерлеринин Тимурдан жеңилиши Византия империясынын кыйрашын убактылуу токтоткон. Византиянын Батыш Европадан жардам сурап, союздаштарды издөө аракетинен майнап чыккан эмес. Анын экономикасынын төмөндөшү, карама-каршылыктардын күчөшү, Батыш Европа мамлекеттеринин ачкөздүк саясаты осмон түрктөрүнүн Византияны жеңип алышын жеңилдеткен. Эки айлык камалоодон кийин, 1453-жылы 29-майда түрк султаны Мехмед II Фатих (Баскынчы) баштаган түрк армиясы Константинополду басып алып, талап-тонойт. 15-кылымдын 60- жылдарында Византия– империясы жашоосун токтотуп, анын аймагында Осмон империясы түзүлөт.
Византия маданияты. Византия маданияты рим, грек ж-а чыгыш маданиятынын таасиринде өөрчүп, негизинен диний (христиандык) мүнөздө болгон. Маданияттын бардык тармагындагы маанилүү түшүнүктөр м-н ойлор христиан мифологиясындагы салттуу образдар ж-а фразеология аркылуу туюнтулган. Византиялыктар жердеги кудай деп императордун зоболосуна сыйынышкан. Библия, ошондой эле антикалык классиктер ар бир адам үчүн өтө керек билимдердин жыйындысы деп эсептелген. Ошол себептен Византияда салт-санаанын таасири (традиционализм) аябай күчтүү болгон. Билимдин булагы тажрыйба эмес, салт деп саналып, эксперимент м-н илимий байкоолор анча өнүккөн эмес. Византия маданияты кубулуштарды анализ кылып карагандан көрө, системага салып иликтегенге көбүрөөк көңүл бөлгөн. Византиянын эл агартуу системасында, илиминде, адабиятында, сүрөт өнөрүндө, үй тиричилигинде антикалык салттар басымдуулук кылган. Византиялыктар өз маданиятын адамзаттын эң бийик жетишкендиги катары эсептеп, башка элдердин маданиятына таасирленүүдөн же аны тууроодон атайылап баш тартышкан. Алар 11-кылымдан баштап гана араб медицинасына, чыгыш адабиятына, кийинчерээк араб ж-а перс математикасына кызыга баштаган. Византия маданияты адабият, сүрөт, дин ж. б. боюнча коңшу өлкөлөргө зор таасирин тийгизген. Айрыкча антикалык мурастарды сактоодо Византиянын ролу чоң болгон. 12-кылымга чейин Византияда эл агартуу системасы Европага караганда жогорку деңгээлде болгон. Баштапкы билим алуу мөөнөтү 2–3 жыл, орто билимди грамматик-мугалимден же чечендик боюнча мугалимден алышкан. Окутуунун программасына орфография, грамматикалык нормалар, ырдын түзүлүшү, чечендик өнөр, документ даярдоо өнөрү, философия м-н тарых кирген. 11-кылымдын орто ченинде Константинополдо чиновниктерди даярдоочу укуктук ж-а философиялык мектептер ачылат. Византияда математиканын коомдук бедели чечендик м-н философияга караганда төмөн турган. 4–6-кылымда Византиядагы математика антикалык классиканы комментарийлөө м-н гана чектелип, ал эми зоология, ботаника, агрономия илим жактан терең такталып жазылган эмес. Византиялык медицина антикалык салтка негизделген. Византиялыктар географиялык карта түзүүнү билишкен. Византия философиясынын негизги булагы – Библия ж-а классикалык грек философиясы (Платон, Аристотель) болгон. 4–7-кылымда Византия философиясында 3 багыт өкүм сүргөн: 1) неоплатонизм, 2) гностицизм-манихейлик дуализм, 3) христиандык диний багыт. Византия философиясы орто кылымдагы схоластикага, Италиядагы Кайра жаралууга, славян өлкөлөрүндөгү, Армения м-н Грузиядагы философиялык ой-пикирдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Византиянын адабияты байыркы грек адабиятынын салтында калыптанган. Славяндар үстөмдүгү учурунда эпос, ода, эпиграмма жанрлары өнүккөн. Ошол кездин өкүлү А. Византийскийдин чыгармалары – Византия адабиятынын классикалык үлгүлөрү. Византия архитектурасы м-н сүрөт өнөрү антикалык искусствонун салттарын уланткан. Буга мисал – 4–5-кылымдагы Константинополь архитектурасы: 4-кылымда мурдагы чиркөө базиликалары м-н кумпалуу имараттардан айырмаланган жаңы типтеги храмдар салына баштайт. 6-кылымда зодчийлик дүркүрөп өсөт. 9–12-кылымда анда крест-кумпалуу храмдын тиби негизги орун ээлейт. Мисалы, Мирелеон чиркөөсү (10-кылым), Пантократора храм комплекси (12-кылым). Кресттүүлөрдүн жортуулунан кийин Византия маданияты Константинополдо ж-а Грекия м-н Кичи Азия аймагында кайрадан гүлдөйт. Орто кылымдагы архитектура италиялык зодчийликтин айрым мотивдерин өзүнө сиңирип, ренессанстык тенденциялардын калыптанышын чагылдырат (Константинополдогу Текфур-серай аксарайы, 14-кылым). Византия живописи өз идеяларын адамдын образы аркылуу билдирген. 9–12-кылымда Византия живописинин жалпы принциптери айрым көркөм мектептерде иштелип чыккан. Китеп миниатюрасында зергерлик-декоративдүү стиль үстөмдүк кылган. Миниатюраларда тарыхый адамдардын портреттери даана тартылган. 9–12-кылымдагы скульптурада рельефтүү иконалар ж-а декоративдүү оюулар басымдуу болгон. 13–14-кылымдар живопистин айрыкча гүлдөгөн учуру болгон. Мисалы, Хора монастырынын мозаикасы (Константинополь, 14-кылым). Византия музыкасы сирия (4-кылым), араб (8-кылым), славян ыр маданиятынын элементтерин өзүнө сиңирген. Айрыкча чиркөө ырлары өнүгүп, майрамдарда, салтанаттуу кечелерде аспаптык музыка ойноо кеңири тараган. Византиялык нота жазуунун бир нече түрү болгон: экфонетикалык (6– 8-кылым), штрихтик (8–12-кылым), тегерек (12–14-кылым). Византия музыкасы 9-кылымга чейин европалык көп өлкөлөрдүн маданиятына таасирин тийгизген. Музыка маданиятынын жогорулашы Афон монастырынан чыккан гимн жазуучу Иоанн Кукузелдин ишмердүүлүгү м-н байланышкан. Византиянын маданиятынын андан ары жогорулашына түрк баскынчылыгы чекит койгон.
Ад.: Курбатов Г. Л. История Византии ( от античности к феодализму). М., 1984; Левченко М. В. История Византии. Краткий очерк. М.; Л., 1940; История Византии. Т. 1–3. М., 1967; Каждан А. П. Византийская культура (Х–ХII вв.). М., 1968.