ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ

ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ , в и з а н т и я л ы к о р у с с т и л и – Россияда 1830–1850-жылдарда расмий маанидеги ак сарай жана башка курулуштар үчүн (Христ Спаситель храмы, 1837–1883, Чоң Кремль двореци, 1839–1849, Москва, архитектор К. А. Тон) кабыл алынган орус стилинин бир варианты. XVI кылымдагы Орус мамлекетинин жа VI–XII кылымдагы Византия империясынын архитектурасындагы композициялык акценттер менен жасалга системасынан багыт алган Византиялык стиль классицизмге таандык эмес силуэтти жараткан ири мотивдери жана көлөмүнүн көрүнүктүүлүгү менен таасир калтырган. Византиялык стиль соборлордун (мисалы, Киевдеги Владимир собору, 1850– 1896, архитектор А. В. Беретти жана башкалар; Софиядагы Александр Невскийдин храм-эстелиги, 1904–1917, архитектор А. Н. Померанцев) ири имараттарында оймо чиймелүү живопистик формаларга көбүрөөк ээ боло баштаган. Византиялык стиль өткөн заманды туураган авторлордун культтук жана тиричилик буюмдарында да популярдуу болгон.