ВИЗЕ-орус географы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЗЕ Владимир Юльевич [21.2. (5.3).1886, Цар­ское село, учурда Санкт-Петербургдун курамын­да – 19.2.1954, Ленинград] – орус географы, Арктиканы изилдөөчү, СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1933). Санкт-Петербург университетин бүткөн (1912). 1928-жылдан Арктика институтунда илимий кыз­маткер, 1945-жылдан Ленинград мамлекеттик университети­нин профессору. Г. Я. Седовдун экспедициясы­нын (1912–14), «Таймыр» (1921–22), «Малыгин» (1924, 1928, 1931) кемелериндеги экспедициялар­га катышкан. «Георгий Седов» (1930), «Сибиря­ков», «Фёдор Литке» кемелериндеги экспедиция­лардын илимий жетекчиси. Алгачкылардан болуп Түндүк Жери архипелагын түндүктөн айланып, Түндүк деңиз жолун батыштан чыгышка бир на­вигация мезгилинде өткөн. Түндүк Муз океандагы калкыма муздардын үстүнө илимий лабораторияларды уюш­туруу идеясын сунуштаган. Визе арктикалык 14 экспедицияга катышкан; көп жылдык тоңду прогноздоонун ыкмасын иштеп чыгып, Аркти­калык деңиздердин муздануусунун Арктиканын климатынын пайда болуусуна тийгизген тааси­рин далилдеген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1946). Эки Ленин ордени м-н сыйланган. Кара (Карск) деңизиндеги арал, Жаңы Жер архипелагындагы бухта, тумшук, муздук, Франц-Иосиф Жери ар­хипелагындагы тумшук Визенин ысмынан атал ган.

Эмг.: Основы долгосрочных ледовых прогнозов для арктических морей. М., 1944; На «Сибирякове» и «Литке» через ледовитые моря. Два исторических плавания 1932 и 1934 гг. М.; Л., 1946; Моря Советской Арктики. 3-е изд. М. Л., 1 948.

Ад.: Буйницкий В. Х. В. Ю. Визе. Л., 1969 (библ.).