ВИКИНГДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКИНГДЕР – өз жерлерине ж-а Европанын башка өлкөлөрүнө талап-тоноочулук жортуул­дарга чыгып турган орто кылымдагы скандинавия-


Викингдердин согуштук кемеси (Усеберг. Норвегия).


лык деңиз каракчыларынын кошуундарынын мүчөлөрү. Викингдер доору деп 8-кылымдан 9-кылымдын ортосу­на чейинки мезгил аталат. Алар согушчан, мык­ты жоокер болушуп, европалык элдерге чоң коркунуч туудуруп турушкан. Викингдерди Батыш ев­ропалыктар нормандар, Руста ж-а Византияда варягдар деп аташкан. Викингдер башка жерлерге жор­туулдарга аттануусуна аларда эгин эгүүгө жа­рактуу жерлердин тартыштыгы да себеп бол­гон. Байыртадан кеме жасоо өнөрүн мыкты би­лишкен скандинавиялыктар деңиз жолу аркы­луу Түндүк Америкага, Жер Ортолук деңизге че­йин жетишкен. Алар талап-тоноочулук м-н гана чектелишпестен, чет элдиктер м-н соода-сатык мамилелерин да жүргүзүшкөн. Ошондой эле алардын кошуундары жергиликтүү башкаруучуларга жалданып кызмат өтөшкөн. Викингдердин башка элдерге жор­туулдары 8-кылымдагы Франк мамлекетине жүрүшү­нөн башталат. Кийинчерээк алар Англия, Шот­ландия, Ирландияга, орус жерлерине да жүрүш­төрдү уюштурушкан. Франциянын түндүгүндө Викингдердин Нормандия герцогдугу түзүлүп, бул мам­лекет 11-кылымдан Англияны, Түштүк Италия м-н Си­цилияны өзүнө багындырып, өз королдугун не­гиздеген. Исландия аралына отурукташкан В. Грен­ландияга, андан Түндүк Американын жээктерине чейин жетип, конуштаган жерлерин Винланд, Маркланд, Хеллуланд деп аташкан. Викингдердин жоо­керчилик жортуулдары 11-кылымда токтогон.

Ад.: Гуревич А. Я. Походы викингов. М., 1966.