ВИЛЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИ́ЛЛА (латынча villa – короо-жай, кыштак) – шаар сыртына курулган бак-дарактуу үйдүн бир түрү. Виллалар биздин заманга чейинки III кылымда Италияда пайда болуп, II–I кылымда бүткүл Жер ортолук деңиздин боюна тараган. Бул учурдагы Виллалар турак жай жана башка курулуштардан турган архитектуралык комплекстен түзүлгөн.


Кийинчерээк (империя доорунда) террасалуу, парк-павильондору бар Виллалар салынган. XV–XVII кылымда Вилла салуу Италияда өнүккөн. Кайра жаралуу доорунун орто ченинде башкы имараты – казиносу бар Вилла куруу салтка айланган. XIX кылымдан шаар сыртына же дем алуучу жайларга салынган бак-паркы бар комфорттуу үйлөр Вилла деп аталат.