ВИЛЛЕМСТАД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЛЕМСТАД – Антил аралдарынын (Нидер­ланддык) административдик борбору. Калкы 98,3 миң (2006). Кюрасао аралынын түштүк-батыш жээгинде. Кариб деңизинин түштүгүндөгү ири порт; Скоттегат табигый жабык гаванында жайгашкан; деңиз м-н канал аркылуу (эки көпүрөсү бар) туташат. Океан кемелери да токтойт (Батыш жарым шардагы эң ири кургак док; нефть сактоочу жайы да бар). Эл аралык аэропорту бар. 1527-жылы испандар негиздеген, 1634-жылы нидерланддар ба­сып алган. 17–18-кылымдарда Кариб деңизинин алабын­дагы кул соодалоонун башкы борборлорунун бири болгон. 18-кылымдагы черепица м-н жабылган голландиялык үйлөр фонтандары м-н, Амстер­дам форту (өкмөт резиденциясы; 1635), губер­натор сарайы, ратуша, чиркөө (1769), кул соо­далоочу эски базар, калкыма базар (тент м-н жабылган кайыктар), Батыш Жарым шардагы байыркы Микве синагогасы (1732) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк му­растын тизмесине кирген. Университет (1732), музей­лер (Кюрасао, нумизматика, почта, улуттук археология, антропология, деңиз ж. б.) бар. Виллемстад – офшор бизнесинин ж-а чет элдик туризмдин борбору. Нефть ажыратуучу завод (негизинен Венесуэладан алат) иштейт.