ВИЛЬГЕЛЬМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИЛЬГЕ́ЛЬМ II Гогенцоллерн (27.1.1859, Берлин – 4.6.1941, Нидерланд, Дорн) – Германия императору ж-а Пруссия королу (1888–1918). Вильгельм Iнин небереси. 1890-жылы ал Бисмаркты отставкага кетүүгө мажбурлап, өзүнүн дүйнөдө Германиянын гегемондугун бекемдөөгө багытталган «жаңы багыт» саясатын жүргүзө баштаган. Биринчи дүйнөлүк согушту чыгарууга активдүү көмөк көрсөткөн. 1918-жылдын 9-ноябрындагы революцияда тактан кулатылып, Нидерландга качып кеткен. 1918-жылы 28-ноябрда тактыдан баш тарткан.