ВИЛЬГЕЛЬМ III ОРАНСКИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИЛЬГЕ́ЛЬМ III ОРА́НСКИЙ (14.11.1650, Гаага – 19.3.1702, Лондон) – 1674-жылдан Нидерланддын штатгальтери (башкаруучусу), 1689- жылдан Англия королу. 1688–89-жылдарда Англиядагы кан төгүүсүз ишке ашкан мамлекеттик төңкөрүштүн («Даңктуу революциянын») жүрүшүндө англиялык такка чакырылган. 1694-жылга чейин аялы Мария II Стюарт (король Яков IIнин кызы) м-н чогуу башкарган. Анын тушунда кабыл алынган «Укуктар жөнүндөгү билль» боюнча Англияда конституциялык монархия орной баштаган. Король мамлекетти парламент м-н чогуу башкарууга милдеттүү болгон.