ВИЛЬНЮС
ВИ́ЛЬНЮС – Литва Республикасынын борбор шаары. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 542 миң (2006). Литванын башкы экономикалык, илимий жана маданий борбору. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нярис жана Вильня дарыяларынын кошулган жерине жакын 1000-жылы ченде жыгач бург (сепил) жана бутпарастык храм салынган.

1251-жылы литвалык князь Миндовг чокундурулган жана ал таштан чиркөө салдырган, кийинчерээк (1253) ушул жерде аны королдук такка отургузуу аземи өткөрүлгөн. Алгач Вильня (XIII кылымдан Вильно) аталып, 1323-жылдан Улуу Литва княздыгынын борбору. 1991-жылдын 6-августунан Литва Республикасынын (1990-жылы 11-мартта көз карандысыздыкка ээ болгон) борбору. XIII–XIV кылымда Вильня дарыясынын чатында үч сепилден турган [Жогорку (Гедимино, XIV–XV кылым), Төмөнкү (Эски арсенал, XV кылым; Жаңы арсенал, XV–XVI кылым; учурда улуттук музей)] чеп комплекси курулган. XV–XVIII кылымдын архитектуралык ансамблдери: Ыйык Анна (XVI кылым), Пётр жана Павел (XVII кылым) чиркөөлөрү, Аушрос дарбазасы (1502–1522), ренессанс стилиндеги Алумната сарайы (XVIII кылым) жана башкалар сакталган. Шаардын борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Көптөгөн эстеликтер тургузулган. Литва илимдер Академиясы (1941), 50гө жакын илим-изилдөө институттары, Вильнюс университети (1579), сүрөт искусство, музыка жана театр академиялары, университеттер (анын ичинде Литва юридикалык, 2002), улуттук сүрөт галереясы, янтарь музейи (1995), опера жана балет, куурчак театрлары жана башкалар бар. Улуттук филармония (1940), улуттук симфониялык, Литва камералык оркестрлери иштейт. Мисалы, Чюрлёнис атындагы пианисттер менен органисттердин эл аралык конкурсу, 1968-жылдан эл аралык орган фестивалы, ыр майрамы (1946, 1950) кийин 5 жылда бир өткөрүлөт. Өнөр жайынын башкы тармагы – прибор, станок куруу жана электр-техника тармактары. Беларусь жана Литва биргелешкен «МАЗ – Балтия» автомобиль чогултуучу ишканасы, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт.
Ад.: Гудавичюс Э. История Литвы: с дрейнейших времён до 1569 г. М., 2005.