ВИЛЬСОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЬСОН , У и л с о н Томас Вудро (28.12.1856, Стантон – 3.2.1924, Вашингтон) – АКШнын 28- президенти.

Принстон университетин бүтүргөн (1879). 1883-жылы илимий карьерасын баштап, 1886-жылы фило­софия доктору наамын алган. 1890–1902-жылдарда профессор, 1902–10-жылдарда Принстон университетинин президен­ти, 1910–12-жылдарда Нью-Жерси штатынын губернатору . 1913–21-жылдарда Демократиялык парти­ядан АКШнын Президент­тигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чы­гып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция м-н күрөшүүнү күчөткөн. Тыш­кы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-жылы 6-апрелде АКШ Германияга каршы со­гуш жарыялаган. Ушундан тарта Вильсон согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп атал­ган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык уюм­ду – Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конференциясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Се­наты колдобой, Версаль тынчтык келишимин (1919) ратификациялоодон баш тарткан. Пре­зиденттик мөөнөтү аяктаган соң, Вильсон саясий иш­мердүүлүгүн токтоткон.