ВИНДЕЛЬБАНД
ВИ́НДЕЛЬБАНД (Windelband) Вильгельм (11.5. 1848, Потсдам – 22. 10. 1915, Гейдельберг) – немис философу, неокантчыл Баден мектебинин жетекчиси. «Байыркы философия тарыхы» (1888), «Жаңы философия тарыхы» (1870–80) аттуу эмгектердин автору. Виндельбанд бул чыгармаларында Канттын дуализминен арылууга аракеттенген ж-а Канттын «өзүндө нерсе» деген теориясын четке каккан. Философияга баарына бирдей кабылданган жалпы «баалуулуктар» жөнүндөгү сынчыл илим катары аныктама берген. Ал баалуулуктардын логикалык, этикалык, эстетикалык ж-а диний түрлөрүн ажыратып, бөлүп, аларды төмөндөн өйдөнү көздөй көтөрүлүп бараткан баскычтар сымал сыпаттап түшүндүргөн. Адамдардын эркинен ж-а адамдын кызыкдарлыгынан эркин болгон эстетикалык баалуулуктарды этикалык баалуулуктардан жогору койгон.
Т. Абдылдабеков, А. Бекбоев.