ВИНДХУК
ВИ́НДХУК – Намибиянын борбор шаары. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 277,3 миң (2006). Жолдор тоому. «Хосиа Кутако» эл аралык аэропорту бар. Шаар 1890-жылы негизделген. Кафедралуу собор, немис форту, шаарды курчаган тоодо немис неоготика стилинде салынган 3 сепил ж. б. сакталган. Өлкөдөгү эң чоң китепканасы, Намибия университети (1992), Политехникалык институт, Улуттук музей (1958), Улуттук искусство галереясы, Зоология багы бар. Жыл сайын пиво фестивалы (октябрда Мюнхенде болуучу «Октоберфеста» фестивалынын аналогу) өткөрүлөт.

Каракөл көрпөсүн соодалоочу дүйнөдөгү эң ири борбор. Тамак аш (анын ичинде пиво кайнатуу, эт консервасы), тигүү, самын кайнатуучу, жыгаччылык, эмерек, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт.