ВИНИЛХЛОРИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНИЛХЛОРИ́Д , х л о р д у у в и н и л, СН2=СНСl – эфир жыттанган түссүз газ; молекулалык массасы 62,50, кайноо t–13,8°С; сууда начар, хлороформдо, дихлорэтанда, эфирде жакшы эрийт. Галогендүү суутектер, галогендер м-н оңой кошулуп, ди­ ж-а тригалоген этандарды пайда кылат. Молекуласында кош байланыш болгон­дуктан, олефиндерге мүнөздүү реакцияларга кирет. Винилхлоридге НСl этиленге караганда оңой кошу­лат. Анын полимерлешүү реакциясы өтө маа­нилүү. Винилхлорид окистенип, хлорацетальдегидди же формальдегидди пайда кылат. Ал өнөр жайда ацетиленди, этиленди дихлорэтанга чейин хлор­лоп, андан НСlду бөлүү м-н алынат. Поливи­нилхлорид, винилхлорид ж-а метилхлороформ­ду алууда колдонулат.