ВИННИПЕГ (көл)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ННИПЕГ , У и н н и п е г (Winnipeg) – Кана­данын түштүгүндөгү көл. Муз каптоо доорунда пайда болгон Агассис көлүнүн калдыгы. Аян­ты 24,3 миң км2. Тереңдиги 28 мге чейин. Сас­качеван, Ред-Ривер дарыялары куюп, Нельсон дарыясы агып чыгат. Ноябрдан майга чейин тоңот. Кеме жү­рөт. Балык кармалат. Топоним индейлердин ви-ни-пи – «ылайлуу суу» деген сөзүнөн пайда болгон.