ВИННИЦА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Винница: музейлер жана фонтандар.

ВИ́ННИЦА – Украинанын түштүк-батыш бөлү­гүндөгү шаар, Винница облусунун административдик борбору. Калкы 351 миң (2006). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түштүк Буг дарыясынын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1362- жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-жылы Люблин униясы боюнча Польшанын, 1793-жылы Рос­сиянын курамында болгон. Киев – Балтика те­мир жолунун курулушунан кийин Виница ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөө­лөр, иезуиттер (XVII кылым), доминикчилер (XVIII кылым) жана капуциндер (XVIII кылым) монастырлары сак­талган. Ю. А. Гагарин атындагы аянт ансамбли, Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 илим-изилдөө институту, университеттер, ки­тепканалар, музейлер, музыкалуу-драма, куурчак, ка­мералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), химия (лак-сыр мате­риалдары, синтездик кир жуучу каражаттар жана башкалар), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.