ВИНОГРАДОВ Иван Матвеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВИНОГРАДОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДОВ Иван Матвеевич [2 (14).9.1891, Россия, Псков облусу, азыркы Великие Луки району, Милолюб кыштагы – 20.03.1983, Москва] – мате­матик, СССР ИАнын академиги (1929), эки жолку

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945, 1971), Петербург университетин бүткөн (1914). 1918–20-жылдарда Пермь университетинде, 1920–34-жылдарда Ленинград политехникалык институтун­да ж-а Ленинград университетинде доцент, профессор, 1932-жылдан СССР ИАнын математика институтунун директору, «Мате­матика энциклопедиясы­нын» (1–5-т., М., 1977–85) башкы редактору, «Извес­тия АН СССР. Серия математическая» журна­лынын башкы редактору (1948). Виноградов 20-кылымда ма­тематикада чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген проблемаларды чечкен, тригонометриялык сум­малар ыкмасын түзгөн. Лондон король коому­нун (1942), көптөгөн башка илимий мекемелердин ж-а дүйнөлүк коомдордун ардактуу мүчөсү бол­гон. М. В. Ломоносов атындагы алтын медалдын ээси (1971). Илимий эмгектери негизинен анализдик сан­дар теориясына арналган. Лениндик (1972) ж-а СССР мамлекеттик (1941, 1983) сыйлыктарынын лауреаты. 6 Ле­нин, Октябрь Революциясы ордендеринин ээси. Россия ИАда И. М. Виноградов атындагы сыйлык белгиленген (1993).

Эмг.: Избр. труды. М., 1952; Метод тригономет­рических сумм в теории чисел. М., 1980; Основы теории чисел. М., 1981.