ВИНОГРАДОВ Александр Павлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДОВ Александр Павлович [9 (21). 8.1895, Санкт-Петербург–16. 11. 1975, Москва] – белгилүү орус геохимиги, СССР ИАнын академиги (1953) ж-а вице-президенти (1967), эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949, 1975). Аскер-медицина ака­демиясын (1924) ж-а Ленин­град университетинин химия факультетин бүткөн (1925). СССР

ИАнын В. И. Вернадский атнындагы гео­химия ж-а анализдик хи­мия институтунун директору (1947), Москва университетинин ка­федра башчысы (1953), профессор (1954). В. И. Вернадскийдин шакирти. Илимий эмгектери гео­химиянын, биогеохимиянын ж-а космохимия­нын ар кандай проблемаларын изилдөөгө ар­налган. Кен байлыкты издөөнүн биогеохимия­лык ыкмасын өнүктүргөн. Илимге изотоптор­дун геохимиясы аттуу жаңы багытты киргиз­ген. В. И. Ленин атындагы сыйлыктын (1934), эки жолу СССР мамлекеттик (1949, 1951) ж-а Лениндик сыйлыктардын (1961) лауреаты, М. В. Ломоносов атындагы ал­тын медалдын ээси (1973). 6 Ленин ордени м-н сыйланган. Виноградовдун ысымынан РИАнын Сибирь бөлү­мүнүн Геохимия институту (Иркутск шаары) ж-а Хибин­ден табылган минерал (виноградовит) аталган.
Эмг.: Геохимия редких и рассеянных химичес­ких элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; О проис­хождении вещества земной коры//Геохимия. 1961. ¹1; Введение в геохимию океана. М., 1967; Химия планет // Наука и человечество. М., 1968.

Ад.: А. П. Виноградов. 2-е изд. М., 1977.