ВИНОГРАДОВ Виктор Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР Илимдер академиясынын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун жана археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–1929) жана Москва (1930–1962) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасы­нын башчысы (1945–1969),

СССР Илимдер академиясынын тил илими институтунун (1950–1954), СССР Илимдер академиясынын орус тил институтунун (1958–1968) директору, СССР Илимдер академиясынын тил жана адабият бөлүмүнүн академик-секре­тары (1950–1963), «Boпросы языкознания» журналы­нын редактору (1953–1969). Виноградов орус адабий тилинин грам­матикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикология­сын терең изилдеп, жалпы тил илиминин масе­лелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «XVII– XIX кылымдардагы орус адабий тилинин тары­хы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пуш­кин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза туу­ралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени жана медал­дар менен сыйланган.