ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич
ВИНОГРА́ДОВ Виктор Сергеевич [26. 2 (10.3). 1899, Калуга губерниясы, Истикс кыштагы – 5. 10. 1993, Москва] – музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1957). 1921-жылдан РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын жана ЮНЕСКОнун элдик музыка боюнча эл аралык кеңешинин мүчөсү.

Виноградов Москва консерваториясынын теория жана композиция факультетин бүтүргөн (1922–1929). Ал 300гө жакын макаланын жана ондон ашык китептин автору. Виноградовдун «Советтик Кыргызстандын музыкасы» (1939), «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары» (1952), «Кыргыз эл музыкасы» (1958), «Атай Огонбаев» (1960), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962), «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1960) аттуу чыгармалары, кыргыз элдик жана профессионал музыкасынын өсүш жолуна, тарыхына, айрым музыканттардын чыгармачылыгына арналган. Ал казак, өзбек, тажик, түркмөн жана азербайжан элдеринин вокалдык жана аспаптык музыкасы жөнүндөгү эмгектердин автору. Виноградов кыргыз музыкасы жөнүндө 1938-жылдан жаза баштаган. Анын эмгектери немец, араб, француз, англис, болгар, чех жана башка тилдерге которулган, чет элдик музыка изилдөөчүлөр Виноградовдун эмгектерине жогору баа берген. Бир топ эл аралык жыйындарда кыргыз музыкасы жөнүндө мазмундуу докладдарды жасаган. Алардын айрымдары Америка Кошмо Штаттардан, Лондондон чыгуучу бюллетендерге басылган (1965). Виноградовдун редакторлугу менен 1957-жылдан «Союздаш республикалардын музыканттары жана музыкасы» деген сериялык китепчелер чыккан. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз музыкасынын чалгынчысы. Ф., 1969.