ВИОЛОНЧЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИОЛОНЧЕ́ЛЬ (итальянча violencello – кичирейтүү, violonе – контрабас) – скрипка түркүмүнө кир­ген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу музыкалык аспап. Жалпы узундугу 1550–1560 мм, турпатынын узундугу 760 мм. Кылдары квинтага күүлөнөт.

А. Страдиваринин виолончели. Үстүңкү дека; баш жагы (кап­талынан көрүнүшү). 1733. Музыкалык инстру­менттердин мамлекттик коллекциясы (Моск­ва).


Диапазону 5 октавага жетет. Ансамбл­де, оркестрде (айрыкча симфониялык оркестрде 12ге че­йин) жана жеке номерлерди аткарууга колдону­лат. 16-кылымдын башында пайда болгон. XVII–XVII кылымда италиялык усталар

А. Амати, Ж. Гварнери, орус усталары И. А. Батов, Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Под­горный жана башкалар Виолончелдин мыкты үлгүлөрүн жа­сашкан. Композиторлор И. С. Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостако­вич жана башкалар Виолончель үчүн концерттерди, сюиталарды, сонаталарды жазышкан.