ВИРТУАЛ ЧЫНДЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРТУА́Л ЧЫНДЫК (Virtual Reality), ВЧ – мультимедиа колдонмолорунун бири. Анда ком­пьютер жасалма чөйрө түзөт, интерактивдүү ре­жимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөртө алат . ВЧы программалык жабдыгынын эң жөнөкөй түрү жер, ландшафт же имараттардын көлөмүн чыгарууга мүмкүндүк берет ж-а алар­дын конструкциясын көрсөтүүдө колдонулат. ВЧ программалык жабдыгынын кийинки түрү жа­салма чөйрөдө адам тажрыйба жүргүзүшү үчүн атайын баш кийим, костюм, кол кап, көз айнек ж. б-ды кийип алат. Баш кийим жасалма чөй­рөнү көздүн алдына алып келип көрсөтөт. Кос­тюм ж-а кол кап виртуал айлана-чөйрөдө буюм­ду кармоого ж-а тандоого мүмкүндүк берет. Адис эксперттердин айтуусуна караганда, костюм келечекте жыт сезүүнү, мамиле түзүүнү туюндур­тат ж-а виртуал дүйнөнү сездиртет. ВЧ көлөмдүү электрондук оюндарды сунуш кылат. Мындай оюндарда атайын видеоиздегич машинада генерацияланган айлана-чөйрөнү көрүүнү уюштурат. Электрондук оюн ландшафттын ичинде атка­рылат, машина оюнунда датчик кыймылды жазат ж-а тиешелүү түрдө алдыга жүргөндө ланд­шафтты өзгөртөт. Компаниялар ВЧты коммер­цияга колдонушууда. Мисалы, офис эмерегин са­туучу компаниялардын виртуал көргөзмө залын­да коюлган эмеректерди кардар карап, керек болсо жылдырып көрө алат. Автомобиль ж-а самолёт куруучулар алардын жаңы үлгүлөрүн текшерүү үчүн виртуал прототиптерди колдо­нушат, бул долбоорлоо убактысын кыскартат. Ошондой эле компьютердин ВЧ колдонмосу кызмат­керлерди кесипке окутууда, тармактык ВЧ үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү көрсөтүүдө, аларды ин­терактивдүү режимде иликтөөгө ж-а өтө тез иштөөгө (манипуляциялоого) болот. Көпчүлүк тармакка негизделген ВЧ колдонмолору вирту­ал чындыкты үлгүлөөчү тилди [ВЧҮТди (VRML)] пайдаланып иштелип чыгып, эмерек коюлган бөлмө сыяктуу үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Чычканды кыймылдатып, ВЧ бөлмөнүн ичинде басып жүрүүгө болот.