ВИРУНГА (улуттук парк)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРУ́НГА – Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-чы­гышында, Уганда м-н Руанданын чегинде жай­гашкан улуттук парк. Аянты 7,9 миң км2. Жоголуп бараткан айбанаттарды коргоо максатында 1925-жылы уюшулган. Деңиз деңгээлинен 800–5000 м би­йиктикте жайгашкан. Улуттук парктын аймагына саванна, нымдуу тропиктик токой мүнөздүү. Кор­гоого алынган айбанаттардын ичинен тоо го­рилласына эң ыңгайлуу шарт бар, ошол эле учурда көптөгөн башка жаныбарлардын, айрык­ча пилдин, кериктин, бегемоттун, кафр чамусу­нун (жаныш) саны браконьерликтен туруктуу кыскарууда. Паркты, ошондой эле шимпанзе, түрдүү антилопалар, окапилер, арстандар, сөөлдүү до­ңуздар, кабыландар мекендейт. Суу ж-а саз куш­тары да көп. 1979-жылы Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын, 1994-жылдан кооптуу кырдаалдагы объек­тилер тизмесине кирген.