ВИРУС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́РУС (Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компью­тердик программа. Вирус программасы контакт бол­гон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же бай­ланыш тармагы боюнча башка компьютерден ки­рет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрыл­са, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы вирустар пайда бо­луп, айрымдары кеңири колдонулуучу програм­маларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат ж-а бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан ка­пысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интер­неттин пайда болушу Вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти. Вирустардын негизги 4 тиби (жүктө­лүүчү сектор Вирусу, файл Вирусу, троян Вирусу ж-а мак­ро Вирустар) бар. Жүктөлүүчү сектор Вирусу компью­тер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. Вирус кирген программа иш­тетилгенде андагы вирус компьютердин эсине жа­зылып калып, компьютердеги флоппи дисктер­дин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) вирусу кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө ки­рип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдон­молордо пайдаланылган макро-буйруктарда вирус коддору жашырынып калат. Макро-буйрук­тардан киргизип алган вирустуу документ ачыл­ганда вирус эске жүктөлөт ж-а андан башка про­граммаларга кирет. Көп учурда макро вирустар шаб­лондун бөлүгү түрүндө иштелет ж-а түзүлүп жат­кан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым вирустар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мисалы, Грин курту аттуу вирус экран­дан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп атал­ган вирус башка вирустардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компью­тер иштешин токтотот. Вирусту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Ком­пьютердик тармакка туташтырылбаган ж-а башка компьютер м-н маалымат алмашуу жүргү­зүлбөгөн компьютерге вирус кирбейт. Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антиви­рус программасы да мезгили м-н жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программа­лары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б.

А. С. Өмүралиев.