ВИРУСОЛОГИЯ
ВИРУСОЛО́ГИЯ (лат. virus – уу ж-а ...логия) – вирустар ж-а вирус оорулары жөнүндөгү илим. Вирусология 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар ж-а кишиде кеңири таралгандыктан вирусология медицина ж-а биология илимдеринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, медициналык, ветеринариялык, өсүмдүк ж-а жаныбарлардын вирусологиясы ж-а молекулалык биология болуп бөлүнөт. Жалпы вирусология вирустардын табиятын, молекулалык түзүлүшүн, тиричилигин, көбөйүшүн, таралуусун, биохимиялык касиеттерин, генетикасын, кишиге, айбанат ж-а өсүмдүк дүйнөсүнө тийгизген зыянын, пайдасын ж. б. изилдейт. Медициналык вирусология оору козгоочу вирустарды, алар пайда кылган оорулардын алдын алуу, диагноз коюу ж-а дарылоо чараларын иштеп чыгат. Кыргызстанда вирусологиялык изилдөөлөр КР УИАнын биотехнология институтунда ж-а КРдин саламаттык сактоо министрлигинин микробиология, эпидемиология ж-а гигиена илим-изилдөө институтунда жүргүзүлөт.