ВИРУСТАР
ВИРУСТАР (лат. virus – уу) – киши, жаныбар ж-а өсүмдүктөрдүн жугуштуу вирус ооруларын козгоочу өтө майда организмдер. Алар тирүү клеткада гана жашап, көбөйөт. Бактериядан өзгөчөлөнүп, клеткадан сырткары атайын жасалган азык чөйрөдө өспөйт. Медициналык изилдөө ж-а эксперимент үчүн өсүмдүк м-н жаныбар организминде, тирүү сакталган ткань ж-а клеткада ж. б. өстүрүлөт. Вирустар өтө көп тараган жугуштуу ооруларды (чечек, кызамык, грипп, полиомиелит, кутурма ж. б.) козгойт, ошондой эле айрым өсүмдүк илдеттерин пайда кылат. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский 1892-жылы бактерия чыпкасынан өтүп кеткен эң майда мироорганизмдер вирустар экенин аныктаган. Вирустар тирүү организмге таандык бардык касиеттерге (тукум куугучтук, өзгөргүчтүк ж-а сырткы чөйрөнүн шартына карата ыңгайлануу) ээ жөнөкөй организм. Алар электрондук микроскоптун жардамы м-н гана көрүнөт. Вирустардын көлөмү ар кандай, мисалы, чечек козгогучу чоң (300–400 нм), ал эми энцефалит, полиомиелит, шарп козгогучтары эң эле кичине (20–30 нм). Алар төрт чарчы, таякча, тоголок ж-а жипче формада болушат. Вирустар белоктордон ж-а нуклеин кислотасынан турат. Жаныбар, өсүмдүк ж-а бактериялардын клеткалары эки нуклеин кислотасынан (ДНК ж-а РНК) турса, Вирустар
Айрым вирустардын түзүлүш схемасы. РНКлуу вирустар: 1 – гиповирус, 2 – реовирус, 3 – рабдовирус, 4 – парамиксовирус, 5 – клостеровирус, 6 – коронавирус, 7 – ретровирус. ДНКлуу вирустар: 8 – плазмавирус, 9 – миовирус, 10 – иридовирус, 11 – бакуловирус, 12 – асковирус, 13 – поксивирус, 14 – аденовирус, 15 – иновирус. (Бул сүрөттүн сөзү).
бир гана (ДНК же РНК) нуклеин кислотасынан турат. Татаал түзүлүштүү вирустарда белок ж-а нуклеин кислотасынан башка липпиддер, полиаминдер, ферменттер, витаминдер ж. б. болот. Вирустар клетка ядросунда, цитоплазмада да көбөйөт. Алгач вириондор клеткага жабышып, андан клетканын ичине кирет. Анда вириондун белок кабыкчасы ферменттердин таасиринен бузулуп, нуклеин кислотасы бошонот. Нуклеин кислотасы клеткага киргенден кийин вирус инфекциясынын жашыруун мезгили башталат. Вирустардын көбөйүүсү жаңы вирус бөлүкчөлөрүнүн (вибриондорунун) жайылып, клеткалардан чөйрөгө чыгуусу м-н аяктайт. Вирустар ысык (90°С), суук (–70°С) температурага чыдамдуу келип, жаратылышта көп кездешип, киши, жаныбар ж-а өсүмдүктөр аркылуу таралат.