ВИСБЮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́СБЮ , В и с б и – Швециядагы шаар, Гот­ланд аралынын жана ленинин (административдик-аймак бирдик) башкы шаары. Калкы 22,0 миң (2006). Деңиз порту; эларалык аэропорту бар. IX кылымда отурук­таша баштаган. XI–XIII кылымда ири соода борбору. Шаардын кууш көчөлүү орто кылымдык бөлүгү узундугу 3,4 км келген калың дубалдуу чептер менен кур­чалган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Кудай Эне собору, орто кылымдын чиркөөлөрүнүн калдык­тары – Ыйык Периште (XIII кылым), Ыйык Николай


Шаардын эски бөлүгүндөгү көчө.


(XIII–XV кылымдар), Ыйык Екатерина (XIII кылымдын ортосу, 1412), Ыйык Ларс (XIII кылымдын 2-жарымы), чир­көөлөрү, «Эски дарыкана», Лильехорндун (XIII кылым) ж-а бургомистрдин (XVI–XVII кылымдар) үйлөрү, ратуша (XVIII кылым), XVIII–XIX кылымдын жыгач үйлөрү сакталган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Готланддардын байыркылыгын баян­даган музей (1875; руна жазуулары бар таштар, орто кылымдын искусствосу) иштейт.