ВИСКОЗА БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИСКО́ЗА БУЛАСЫ – табигый целлюлозаны химиялык жол менен иштетүүдөн алынган жасалма була. Аны даярдоо төмөнкү этаптардан турат: вискоза эритмесин даярдоо, формага келтирүү жана кургатуу. Ал колдонулушуна жараша тек­стиль жиби, корд, штапель булалары түрүндө чыгарылат. Көпчүлүк органикалык эриткичтердин таа­сирине туруктуу. Аны алуу арзан жана андан даярдалган кездемелер түрдүү түскө жакшы боёлот, жакшы гигиеналык сапатка ээ. Бирок суу кезинде тез бырышат, сүрүлүүгө чыдамсыз ке­лет. Ошондуктан аны модификациялоо менен бышыктыгы жогорулатылат. Жибек, штапель жана кебез же жүн кездемелерге кошулат; тор жана абдан бышык техникалык буюмдарды жасоодо кол­донулат.