ВИСКОНТИ Лукино
ВИСКО́НТИ Лукино (2.11.1906, Милан – 17. 3. 1976, Рим) – италиялык кино жана театр режиссёру, сценарийчи. Кинематографиялык чыгармачылыгы 1936-жылы Францияда башталган. Висконтинин биринчи тасмасы («Оопайлык») Ж. Кейндин «Почтальон ар дайым эки жолу шыңгыратат» романы боюнча (1942) коюлган. Фашисттерге каршы күрөшкө катышып, камакка алынган. 1945-жылы «Даңктуу күндөр» аттуу даректүү тасманы тартууга катышкан. Висконтинин «Сулуунун сулуусу» комедиясы (1951), «Биз – аялдар» кыска метраждуу новелласы (1953) согуштан кийинки Римдин көчөлөрү, шаардын психологиясы жөнүндө. Ф. М. Достоевскийдин «Буурул түндөр» (1957) повестин экрандаштырган. Драмалык жана музыкалык театрда У. Шекспирдин, А. П. Чеховдун, Ж. Коктонун, Ж. Ануйдун пьесаларын, Г.Доницеттинин, Ж. Вердинин, Р. Штраустун операларын койгон. «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары», «Венгриядагы өлүм», «Кабылан» тасмаларында Верди жана башка композиторлордун вальстарын колдонгон. Висконтинин «Кабылан» тасмасы 1962-жылы Канныда эл аралык кинофестивалдын (ЭКФ) баш байгесин, «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары» фильми 1965-жылы Венецияда ЭКФтин баш байгесин жеңип алган. Ги де Мопассандын новелласы боюнча «Сыйкырчылар» (1966), А. Камюнун романы боюнча «Бөтөн келин» тасмаларын койгон. 1970-жылы тартылган «Венециядагы өлүм» тасмасы 1971-жылы Канныда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгына ээ болгон. «Людвиг» (1972), «Жасалгада үй-бүлө портрети» (1974), «Күнөөсүз» (1976) кино тасмалары лирикага, энелик мээримге, ашыктык сезимдерге жык толгон.
Ад.: Шитова В. Л. Висконти. М., 1965. А. Пазылов.