ВИСКОНТИ Лукино

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИСКО́НТИ Лукино (2.11.1906, Милан – 17. 3. 1976, Рим) – италиялык кино жана театр режиссёру, сценарийчи. Кинематографиялык чыгармачылыгы 1936-жылы Францияда башталган. Висконтинин биринчи тасмасы («Оопайлык») Ж. Кейндин «Почтальон ар дайым эки жолу шыңгыратат» романы боюнча (1942) коюлган. Фашисттерге каршы күрөшкө катышып, камакка алынган. 1945-жылы «Даңктуу күндөр» аттуу даректүү тасманы тартууга ка­тышкан. Висконтинин «Сулуунун сулуусу» комедиясы (1951), «Биз – аялдар» кыска метраждуу новелласы (1953) согуштан кийинки Римдин көчөлөрү, шаардын психологиясы жөнүндө. Ф. М. Достоев­скийдин «Буурул түндөр» (1957) повестин экран­даштырган. Драмалык жана музыкалык театрда У. Шекс­пирдин, А. П. Чеховдун, Ж. Коктонун, Ж. Ануй­дун пьесаларын, Г.Доницеттинин, Ж. Верди­нин, Р. Штраустун операларын койгон. «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары», «Венгрия­дагы өлүм», «Кабылан» тасмаларында Верди жана башка композиторлордун вальстарын колдонгон. Висконтинин «Кабылан» тасмасы 1962-жылы Канныда эл а­ралык кинофестивалдын (ЭКФ) баш байге­син, «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары» фильми 1965-жылы Венецияда ЭКФтин баш бай­гесин жеңип алган. Ги де Мопассандын новел­ласы боюнча «Сыйкырчылар» (1966), А. Камюнун романы боюнча «Бөтөн келин» тасмаларын кой­гон. 1970-жылы тартылган «Венециядагы өлүм» тасмасы 1971-жылы Канныда эл аралык кинофести­валдын сыйлыгына ээ болгон. «Людвиг» (1972), «Жа­салгада үй-бүлө портрети» (1974), «Күнөөсүз» (1976) кино тасмалары лирикага, энелик мээримге, ашыктык сезимдерге жык толгон.

Ад.: Шитова В. Л. Висконти. М., 1965. А. Пазылов.