ВИСЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИ́СЛА – Польшадагы эң узун ж-а суусу мол дарыя. Узундугу 1047 км, алабынын аянты 198,5 миң км2. Батыш Карпат тоолорунан башталат да Мазовия-Подляск түздүгү аркылуу агып, Балтика деңизиндеги Гдань бухтасы м-н Висла булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Сан, Дунаец, Вислока, Вепш, Буг (оң), Пилица, Брда (сол). Орт. чыгымы Варшава шаары тушта 590 м3/сек, чатында 1030 м3/сек. Жазында суусу кирет. Төмөнкү ж-а ортоңку агымында кеме жүрөт. Днепр, Одер, Неман дарыяларына


каналдар аркылуу туташат. Боюнда Краков, Варшава, Плоцк, Торунь, дельтасында Гданьск шаарлары жайгашкан.