ВИСМУТИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВИСМУТИ́Н , в и с м у т ж а л т ы р а г ы – сульфид бирикмелерине кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Bi2S3. Кошундулары: Sb, Se. Ромб сингонияс ында кристалданат.

Өңү калайга окшош ак , тунук эмес. Абада киргилденип, сыртында жука боз кабатча пайда болот. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,8. Салыштырма салмагы 6,5. Электр тогун өткөрбөйт. Гидротерм, грейзен ж-а контакттуу метасоматоз кендеринде кездешет. Висмутин – висмут кенташынын (рудасынын) негизги минералы.