ВИСМУТИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИСМУТИ́Т , б и с м у т и т – висмуттун окси­карбонаттар тобундагы минералы. Химиялык форму­ласы Bi2CO3(OH)4. Тетрагон сингониясында крис­таллданат. Өңү сары, жашыл, күрөң. Катуу­лугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3,5. Салыштырма салмагы 6,7– 7,4. Висмут ж-а висмутиндин кычкылдануусу­нан, аларга жер үстүндөгү карбонаттуу эринди­лердин таасиринен пайда болот. Висмутит – висмут кен­ташы (рудасы).