ВИТАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТАЛИ́ЗМ (лат. vitalis – жашагычтык, ти­рүү) – жандуу жаратылыштын жансыз та­быяттан сапаттык айырмаланышы ж-өнүндөгү, жа­шоонун жүрүшүн жансыз дүйнөнүн күчтөрүнө ж-а закондоруна кошууга болбой тургандыгы жөнүндөгү, тирүү денелерде жансыз заттарда жок, өзгөчө факторлордун бар экендиги тууралуу окуу, же жандуу организм маңызында тирүүлүк деген материалдык эмес, табыйгаттан тышкар­кы өзгөчө бир кудурет нерсе жашоонун бардык көрүнүштөрүн башкарып турарын тааныган ж-а жактаган агым. Философтор (Платон, Ф. В. Шел­линг, А. Бергсон) ж-а илимй-табигый Витализм деп айыр­малашат. Айрыкча, илимий-табигый Витализм жашоо ара­кеттерин, тирүүлүк ишин бүт бойдон жансыз жаратылыштын күчтөрү м-н закондоруна алып барып такаган механицизмге карама-каршы турат. Өз кезегинде Витализм биологиянын ж-а пси­хологиянын бир катар тармактарына [эмбрио­логияда морфотектик (морфогенетикалык) та­лаалар теориясы, гештальтпсихология] таасир көрсөткөн, ошондой эле жаңы агымдарды (органицизм, холизм ж. б.) жаратты. Биологиялык себептүүлүк те­гине карата механисттик көз карашты сынга алгандыгын Витализмдин эң күчтүү жагы катары бар­дык агымдардын өкүлдөрү баалашат. Себептүүлүк боюнча биология ж-а физика илимдеринде алда канча кеңири, механисттик эмес көз караштар бекемделип, азыркы замандагы эң татаал, өзүн ­өзү уюштуруучу системалап кароонун өнүгүшү м-н, Витализм өз таасирин жоготту.